Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.11.2019 13:35

Ак-Суунун Тегизчил айылында 3 млн сомдон ашык каражатка курулган кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, анын долбоору 2 жыл мурда иштелип чыккан. Анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 3 айда салынып бүттү. Өздүк салым катары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 700 миң сом берилген. Жалпы 3 млн 760 мин сом сарпталды. Ачылыш аземге район жетекчилиги, жергиликтүү тургандар катышты.

Спорт аянтчага мурдагы Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы, маркум Конокбай Супатаевдин ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×