Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.11.2019 09:44 Жаңыланды: 04.11.2019 08:33

«Кайдыгерлик, кан жолдо кыйылган өмүр»: Подполковник У.Иманакуновдун окуясы

Turmush -  Ардактуу эс алуудагы милициянын подполковниги Ургазы Иманакунов 25 жыл бою жолдогу кыймылды көзөмөлдөп эмгектенген. Turmush басылмасынын кабарчысы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата подполковник Ургазы Иманакунов менен баарлашты.

Ургазы Иманакунов 1957-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаардык автожол техникумуна барып, бирок биринчи жылы өтпөй калган. Экинчи жылы кайрадан барып, техникумда окуп жүргөн 1975-жылы советтик армиянын катарына чакыртылган. Кызматын өтөп бүтүп, кайра өз айылына келген. Колхоздо 4 жыл иштеп, кийин Бишкекте билим алууну улантканын айтты.

«Окууну аяктап келгенде кесибим боюнча иш чыккан жок. Анан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан (ал убакта МАИ кызматы) сунуш түшүп, бул тармакта иштеп баштадым. Биздин айылда мурда эки гана МАИ кызматкери бар эле. Анын бири Турду Жакыпов болчу. Убагында ал агаларымды көрүп, аябай суктанып, мен дагы МАИ кызматкери болууну самачумун. Кыялым кийин ишке ашып, бул кызматта 25 жылга жакын иштедим», - дейт ардагер.

Ал инспектордон баштап, жетекчилик кызматка чейин жеткен. Ишиндеги жетишкендиктери үчүн ИИМдин ардак тактасына ысымы илинген.

«Ал кезде союз маалы болчу. ИИМдин ардак тактасына илингеним үчүн Кремлге чакыртышып, ардак грамота менен сыйлашты. Ошончо мамлекеттин ичинен алган сыйлыгым мага чоң стимул болгон», - дейт ал.

Ошондой эле ал иш учурундагы эсте калган окуяларга токтолду.

«Тоң районунда 1,5 жыл иштедим. Бир жолу саат 05:00 чамасында билдирүү түшүп, ири суммадагы акча тонолгонун айтышты. Окуя болгон жерге барсак кылмышкерлер Каракол шаарынан чыккан жүк ташуучу унааны районго чейин аңдып келип, Кескен-Бел деген жерден тоноп кетишиптир. Кылмышкерлерди кармоо ишине түзүмдүн кызматкерлери толук тартылды. Тоого жашынып калышты деген билдирүүдөн улам тик учак менен издөө жүргүзүлдү. Көрсө тоногон жигиттер автобуска түшүп, Караколго кетип калышыптыр. Кечинде ал жактан кызматкерлер колго түшүрүшкөн. Алар тоногон акча аэропортко тиешелүү экен, жалпы 187 миң сом тоношуптур», - дейт подполковник.

Анын айтымында, ал көбүнчө Каракол шаарында кызмат кылган.

«Бир күнү шаардын борбордук көчөсүнөн адамдын жансыз денеси табылды. Анын башынын эки жерине кан уюп калыптыр. Кызматкерлердин ортосунда талаш болуп, бири аны унаа сүзүп кеткенин айтса, экинчиси өлтүрүп кетишти деген версияларды айтышты. Аягында аны чоң унаа өлтүрө сүзүп кеткендиги аныкталды», - дейт ал.

Ардагер жакында эле ушундай окуяга күбө болгонун айтты.

«Ушул жылдын 24-сентябрь күнү белгилүү инсандын 90 жылдык мааракесине катышуу үчүн Бишкек шаарына баргам. Ал жерден кайра саат 22:00 чамасында таксиге отуруп, Каракол шаарына чыктым. Жети-Өгүз курортунун кесилишинен таксист унааны чукул буруп, бир нерседен качты. Эмне болгонун сурасам, айдоочу "жолдо адам жатат окшойт, колун көргөндөй болдум" деди. Мен дароо эле артка кайтуу керектигин айттым. Таксист кыйылып, "милиция кызматкерлери келип, бизди суракка алат" деп баргысы келген жок. Мен болбой, "балким ал адам өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткандыр, жардам берели" деп кайра артка айдатып бардым. Барсак, жаш жигит эч кандай кыймылы жок жатыптыр. Анан милицияга телефон чалып, алар келгенден кийин жигитти аларга өткөрүп берип, жолумду уладым. Ошондо эле аны чоң унаа сүзгөнүн айткам. Кийин милиция кызматкерлери аны сүзгөн жүк ташуучу унааны табышыптыр. Ал эми каза болгон жигит 18 жашта экен.

Мындай учурда адамдар кайдыгер болбой, жаран катары жардам берүүгө умтулушса», - дейт ардагер.

Ардагердин айтымында, жол кырсыктары негизги 3 себептен улам болот.

«Биринчиден, жөө жүргүнчүнү айдоочулар сыйлабагандыктан жолдон өтүп бара жатканда сүзүп кеткен учурлар көп катталат. Экинчиден, ылдамдыкты ашырып айдагандан, үчүнчүдөн мас абалда рулга отургандан улам жол кырсыктар көп болот», - дейт ал.

Ургазы Иманакунов 2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2016-жылы Каракол шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштейт. Ал шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланган, төрт баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×