Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.10.2019 10:32

Ысык-Көлдө 6 адамга майыптык араба тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында жана Тоң районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 6 адамга майыптык араба тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эл аралык коомдук фонддун өкүлү Жыргалбек Шамшиевдин айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 20 адамга майыптык араба берилет. Мындан тышкары Каракол шаарында 20 тигүү машинасы бөлүштүрүлөт.

Ал мындай жардам өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин кайрылуусунун негизинде көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×