Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 21.10.2019 19:30

Жаш боксчу Бекбол Мурасбеков Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Turmush -  Кыргызстандык жаш боксчу Бекбол Мурасбеков өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, чемпионат Бириккен Араб Эмираттарынын Эль-Фуджайра шаарында өттү. Анда Бекбол коло медалга ээ болду.

Бекбол Мурасбеков Балыкчы шаарындагы №4 гимназияда 10-класста окуйт. Ал Кыргызстандын бокс боюнча чемпиону. Спорттун чебери наамына талапкер. Машыктыруучусу — Сүйүн Мамытов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×