Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.10.2019 10:55 Жаңыланды: 09.10.2019 12:33

Балыкчыда «Тазалык» ишканасынын кампасы өрттөндү (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Тазалык» ишканасына тиешелүү кампада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Абдрахманова көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен 27 даана пенопласт, таманташтын 1000 даана резина формасы, 5 даана устун, 100 даана рейка, 25 чарчы метр пеноплекс күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, өрт кырсыгы электр чубалгыларынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.

Маалым болгондой, таманташтын 45 даана резина формасы күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×