Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.10.2019 18:14

Караколдо мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрү үчүн 1 млн сом каралды

Turmush -  Каракол шаарында мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн 50 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта маалымдалды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, шаардагы мугалимдердин ар бирине электр энергияга болгон төлөмдөргө жардам көрсөтүү максатында 1 миң сомдон берилет. Мындай колдоо шаардагы мектептердин мугалимдерине, бала бакчанын тарбиячыларга жана спорт мектептин мугалимдерине берилет.

Иш-чарада мугалимдердин кесиптик майрамына карата Билим берүү жана илим министрлигинин, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн жана шаардык мэриянын атынан ардак грамоталар тапшырылды.

Каракол шаарында 10 мектеп, 14 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×