Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.10.2019 17:07

Бостеринин жаңы конушунда кичи футбол талаасы жана балдар аянтчасы курулду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы Байжигит конушуна заманбап кичи футбол талаасы жана балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулуш үчүн айыл өкмөттүн эсебинен каражат бөлүнгөн. Аянтчалардын айланасы темир тосмо менен тосулуп, учурда балдар үчүн селкинчек, кум аянтчасы орнотулуп жатат.

Курулуш иштери толугу менен аягына чыккандан кийин жергиликтүү тургундарга пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×