Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.10.2019 15:20

Азия чемпионатында жеңишке жеткен караколдук спортчулар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Индиянын Нью-Дели шаарында 13-15-сентябрда өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетишкен караколдук спортчуларды шаардын жетекчилиги сыйлады, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Сыйлыкты Каракол шаарынын мэри А.Каниметов тапшырды. Анда 1-орунду камсыздаган А.Баатырбеков, Ф.Уланбековго 20 миң сом жана 3-орунду ээлеген А.Сартовго 15 миң сом акчалай сыйлыктар берилди. Ал эми алардын машыктыруучусу К.Эстебесов 40 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Аман Батырбеков 48 кг салмактык категория боюнча 1-орунду, Феликс Уланбеков 62 кг салмактык категорияда 1-орунду ээлеген. Ал эми Алай Сартов 74 кг салмактык категориядагы мелдеште 3-орунду камсыздаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×