Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2019 15:07

«Жол азабы — көр азабы»: Ак-Сууда тургундар нааразы болуп чогулушту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-октябрда Ак-Суу районуна караштуу Отрадное жана Орлиное айылынын тургундары жол маселесин көтөрүп чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылга барчу 20 чакырым жол 3 айдан бери сүрүлө элек. Каракол шаарына каттаган таксисттер жолдун начардыгынан улам ишке чыкпай, жергиликтүүлөрдүн шаарга баруусу кыйынчылык жаратууда.

«Айылга келип, элдин көйгөйлөрүн уккан бир дагы аткаминер боло элек. Жол маселеси көптөн бери чечилбей келет. Жолдун начардыгынан унааларды тез оңдоого туура келип жатат. Таксисттер дагы каттабай, тургундар кыйналды. Айыл эли жолдун сүрүлүшүн 3 айдан бери күтүп келишет. Мындан улам жогорку бийликтин өкүлдөрүнө кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Биз чогулуп, борборго чейин аттанууга даярбыз», - дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×