Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.10.2019 11:18 На русском

Түптүн Ичке-Суу айылында жүндү кайра иштетүүчү кичи ишкана ачылды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Ичке-Суу айылында жүндү кайра иштетүүчү кичи муниципалдык ишкана ачылып, 5 адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева, «Жүндү кайра иштетүү» долбоордун жетекчиси Г.Утегенова жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Ичке-Суу айылындагы «Такабай» жааматынан долбоор жазып, ал жактырылгандан кийин жааматтын мүчөлөрү Кенжегүл Сарыбаева, Бактыгүл Эсенаманова жана лидер катары мен, үчөөбүз окуп, 5 миң долларлык жүн, кебез тытычуу жана кийиз басуучу жабдууну эл аралык уюмдан утуп алдык.

Биздин жаамат үчүн жана кардарлардын талабын аткарууга утуп алган жабдуубуз канааттандыра албагандыктан жолдошум Медетбек Курамаев экөөбүз кеңешип туруп, «Жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү» долбоорунун негизинде 3 жылга 6% менен жеңилдетилген 7 миң доллар насыя алдык. Ага Германиядан чыккан экинчи жабдууну сатып алдык. Эми корообузга өздүк салым катары жабдуулар үчүн бастырма салып, жааматыбыз менен биргеликте жеке эле жүн, кебез тытып койбой, жүндү кайра иштетип, ала кийиз, шырдак, тапичке жана кызга сеп даярдайлы деп чечтик», - деди Г.Утегенова.

Ал эми айыл өкмөттүн башчысы А.Мамбеталиева бир кийим тигүүчү машина алып берүүгө убада кылды.

«Талаа иштери бүткөндөн кийин айыл элинин жашоочулары той берүүгө камынып, же болбосо жүндөрүн тыттырып алышып, ала кийиз, шырдак жана кызга сеп даярдай башташат. Биз өзүбүздү жарнамалап, тыттыра турган жүндөрдү айылдарды кыдырып, тыттыргандан кийин жеткирип берели деп жатабыз», - деди жабдуулардын ээси, короонун кожоюну Медетбек Курамаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×