Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2019 11:07

Ак-Сууда легендарлуу ырдын автору К.Бакашовдун эстелиги ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү жана журналист Кемел Бакашовдун айкели ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Акын Кемел Бакашов көпчүлүккө «Он сегиз жаш» легендарлуу ырдын автору катары таанымал. Ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ак-Суу районунун ардактуу атуулу да болгон.

К.Бакашов 2018-жылдын 28-мартында 82 жашында дүйнө салган. Кайталангыс таланттын жылдыгы белгиленип, урматына эстелиги тургузулду. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Бакашовдун жакындары катышты.

К.Бакашов өмүрүнүн акырына чейин мугалимдик кесипти аркалап, Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында иштеген. «Ата журт жана махабат», «Он сегиз жаш», «Куу залкары Ыбрай Туман уулу» жана «Өмүр изи» аттуу китептердин автору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×