Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2019 10:42

Сары-Камышта баатыр энелер менен бөбөктөр кара жорго бийлешти

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылындагы «Сары-Камыш—Ынтымак» бала бакчасынын жааматы ата-эне менен балдардын мамилесин бекемдөө максатында иш-чара уюштурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чарага айылдагы баатыр энелер жана улгайган адамдар чакырылган. Алар үчүн бала бакчанын ортоңку жана жогорку тайпасынын балдары концерттик программа тартуулашып, апалар менен бирге кара жорго бийин бийлешти.

«Улгайган адамдарга сый-урмат көрсөтүү бир айлыгынын алкагында атайын иш-чара уюштурдук. Ага айылдагы эки баатыр эне жана балдардын чоң эне, таенелери келди. Аларга арнап балдар өз таланттарын көрсөтүштү. Мындай жол менен биз балдарга ата-энеге жана улууларга жакшы мамиле жасоону үйрөтүп жатабыз», - дейт бала бакчанын жетекчиси Анара Мамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×