Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.10.2019 13:44

Караколдо 11 мугалим милициянын ардак грамотасы менен сыйланды

Turmush -  Каракол шаарында 11 мугалим шаардык милициянын ардак грамотасы менен сыйланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, сыйлык өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, аларга карата болгон зордук-зомбулуктун санын кыскартуу, жол эрежелерин сактоого көмөк көрсөтүү, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү иштерине салым кошкондугу үчүн тапшырылды.

Каракол ШИИБдин жетекчиси Замир Алымбаев өз сөзүндө мугалимдердин жаш муундарды тарбиялоодогу ролуна токтолуп, мындан ары дагы мугалимлерди кызматташууга чакырып өттү.

Мугалимдер күнүнө арналган иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×