Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.10.2019 09:38

Тоңдо 2 чабанды кар көчкү басып калып, ооруканага жеткирилди

Turmush -  Кечээ, 6-октябрда саат 14:30 чамасында Тоң районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бара жаткан 2 чабан кырсыкка учурады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1976-жылы туулган М.Т. менен 1973-жылы туулган К.Н. аттуу чабандарды кар көчкү басып калган. Бирок алар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгып жардам сураган. Жерине ӨКМден 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл өкмөттөн 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканасына жеткирген. Учурда абалдары канааттандырарлык. Алар бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан. Ал эми мал-жандыктары жабыркаган эмес. Малды туугандары айылга айдап келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×