Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.10.2019 17:35

Түптө 32 млн сомго бала бакча курулат

Turmush -  Түп районунда 32 млн сомго бала бакча курулат. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун төрагасы Алдаярбек Тойгоналиев билдирди.

Анын айтымында, Түп районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Балбай айылына 100 орундуу бала бакча курулат. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Сары-Булак айыл өкмөтү жер тилкесин бөлүп берген. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бала бакчанын курулуш иштерине 32 млн сом караган. Жакынкы күндөрү пайдубалы түптөлүп, иш башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×