Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.10.2019 15:12

Ысык-Көлдө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери волейбол мелдешине түштү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара ички иштер кызматынын генерал-майору Ажике Кутманалиевдин элесине арналып уюштурулду. Мелдешке облустун аймагынан 6 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын командасы, 2-орунду ОИИБдин командасы, 3-орунду Каракол шаарынын салык кызматынын командасы ээледи.

Ал эми Ажике Кутманалиевдин жолун жолдоп, ички иштер органдарында иштеп жаткан уулу Азамат Кутманалиев бул демилгени колдоп, жыл сайын мелдештерди өткөрүп турмай болду.

ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен генерал-майор А.Кутманалиевдин эмгектерин эстей жүрүүгө чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×