Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.10.2019 14:40

Генерал-майор А.Кутманалиевдин 100 жылдыгына карата анын эстелиги ачылды

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Каракол шаарында ички иштер кызматынын генерал-майору Ажике Кутманалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул мааракеге карата Ысык-Көл ОИИБ генерал-майорго арналып тургузулган эстеликти ачты. Ачылыш аземге ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, жеке курамдары жана ардагерлер катышты.

Эстелик ачылгандан кийин маараке К.Жантөшев атындагы драм театрда улантылды. Анда генералдын жашоосу тууралуу тетралдаштырылган көрсөтүү коюлуп, анын ишмердүүлүгү боюнча көргөзмө уюштурулду.

Ажике Кутманалиевдин өмүр таржымалы бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×