Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.10.2019 13:24

Түптүн Тогуз-Булак айылында 120 улгайган адам сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айылында «Карысы бардын ырысы бар» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Асылбек Кыдыров билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык карылар күнүнө арналган иш-чарага 120 улгайган адам чакырылган.

«Мындай иш-чара жыл сайын уюштурулат. Быйыл дагы айылдын ардагерлерине майрамдык маанай тартуулап, чакан белектерибизди тапшырдык. Окуучулар дагы концерттик программа уюштуруп беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×