Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.10.2019 11:00 Жаңыланды: 04.10.2019 17:12 На русском

«Жеңеке»: Кыргыз жигити үчүн динин алмаштырып, тилин үйрөнгөн Лилия

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 24 жаштагы тургуну Лилия Викторова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын атасы уйгур, апасы орус улутунан. Кичинекей кезинде таенесинин колунда өскөн. Жолдошу Нурсултан менен таанышып, турмуш курганга чейин ислам динин кабыл алган.

«Кайын журтум алгач башка улуттан келин алсак, биздин каада-салтыбызды билбей кыйналат деп, айрымдары каршы болушкан экен. Бирок кайын энем Нурсултанга «эгер кыз сага жакса, үйлөн. Мен каршы болбойм» деп макулдугун бериптир. Ошентип бир үй-бүлөнүн жалгыз келини болдум. Биз баш кошкондо апам (кайын энеси) Москва шаарында болчу. Ал келгенде жүгүнүп, улуттук тамак-аштарды жасап тосуп алдым», - дейт Лилия.

Ал эми Нурсултандын апасы Жыпар Насирдинова аны Лилия жаркылдап тосуп алып, көңүлүн жылытканын айтат.

«Келинимдин улуту башка болгону менен жүрөгү кыргыз. Келсем, жаркылдап тосуп алып, көңүлүмдү жылытты. Башында ага «тааныбасаң дагы элге жүгүнүп, батасын алып жүр» деп айттым эле. Азыр жергиликтүүлөр жакшы таанып калышты. Өзүмдүн беш кызым болсо, Лилия алтынчы кызым болду. Келиним кичи пейил, ачык-айрым жана эмгекчил. Нурсултан жокто конокторду өзү тосуп, устукан тартканды жакшы белет», - дейт ал.

Ал эми Лилиянын айтымында, алардын үлпөт тою эки тилде өткөн.

«Той эки тилде өттү. Менин ата-энем дагы сеп берип, салт менен узатты. Жаңы келин болуп келгенде кыргыз тилин үйрөнүп, каада-салт, үрп-адаттарды өздөштүрүп, билбегенимди кайын энемен сурап үйрөндүм. Азыр конок тоскондо кыйынчылык деле болбойт. Кимге кандай устукан тартыларын билем», - дейт Лилия.

Анын жолдошу Түп районунун Көөчү айылында туулган. Учурда ал жолдошунун фамилясына өтүүнү ойлонууда. Өзү сулуулук салондо иштейт. Жубайлар бир уулдун ата-энеси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×