Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.10.2019 19:00

Балыкчыда бир көчө 47,5 млн сомго оңдолуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын К.Тыныстанов атындагы көчөсү республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, долбоордун сметалык баасы 47,5 млн сомду түздү. Тендерден «Дили» ЖЧКсы утуп алган.

«Учурда канализация өткөрүүчү, суу каптоо коркунучунан сактоочу каналдар курулууда. Оңдоо иштеринин аякташы аба ырайынан да көз каранды. Бүгүнкү күндө жолдун бир тарабына асфальт төшөө иштери даярдалууда. Жол эки тараптуу болот, ар бир тарабы 1,5 чакырымдан болуп, жалпы 3 чакырымды түзөт», - деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×