Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.10.2019 17:38

Балыкчыда музыкалык ачкычтын инсталляциясы орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында Болот Миңжылкыев атындагы балдар музыкалык мектебинин жанына музыкалык ачкычтын инсталляциясы коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, анын бийиктиги 2 метр 20 сантиметр, туурасы 1 метр 10 сантиметр.

«Бул инсталляция «Жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын жумушчулары тарабынан жасалды, көп деле каражат жумшалган жок. Негизинен калдык темирлерден жасадык», - деди ишкананын жетекчиси Асылбек Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×