Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.10.2019 15:29

Түптүн кыздары «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» акциясын өткөрүштү (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылында окуучу кыздар «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» аттуу тазалык акциясын өткөрүштү, деди аталган айылдын башчысы Рустам Абдыкеримов. Анын айтымында, кыздардын мындай демилгесин башка айыл аймактардын башчылары дагы колдоого алышты.

«Сары-Тологой айылы Түп райондук мамлекеттик администрациясы өткөргөн "Калктуу пункттарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу" боюнча үч айлыктын жыйынтыгында "Мыкты айыл - 2019-жыл" номинациясын жеңип алып, белекке татыктуу болгонбуз. К.Эгембердиев атындагы мектептин окуучу кыздары келип, "Биздин айылдын мыкты деген наамын колдон чыгарбайлы, акцияны ишемби сайын өткөрүп туралы" дешти.

Кыздардын демин суутпайлы деп акыр-чикирди ташыганга унаа уюштуруп бердик. Алар ар бир кожолуктун аймагын тазалап, андан кийинки тазалыгына ар кими өзү жооп берерин эскертип чыгышты. Кыздардын демилгесин Санташ айыл өкмөтүндөгү башка айылдын мектептерине жайылтууну айыл аймак башчылары өздөрүнө милдет кылып коюшту», - деди айыл башчы Р.Абдыкеримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×