Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.10.2019 10:31

Түптө «Ардактуу атуул», «Кадырлуу эмгек каарманы» наамдары тапшырылды

Turmush -  Түп районунда Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата атайын «Карысы бардын ырысы бар» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондун акими Э.Жантаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров, аялдар кеңешинин төрайымы О.Клычова улгайган адамдарды куттукташты. Андан кийин Түп райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан эмгектин ардагерлери, 80 жаштан өткөн К.Эгембердиев менен А.Барановго «Түп районунун ардактуу атуулу» наамдарын жана эмгектин төрт ардагерине «Түп районунун кадырлуу эмгек каарманы» наамдарын тапшыруу менен 29 адамга баалуу белектерди беришти.

«Кырк кыз» коомдук бирикмеси жашы 75тен өткөн 40 адамга баалуу белектерин тапшырышты. «Карысы бардын ырысы бар» иш-чарасынын катышуучуларына Каракол шаарындагы ардагерлер кеңешинин алдындагы «Карылар дале катарда» фольклордук ансамбли, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана «Айданек» бийчилер тобу ыр-бийлерин тартуулашты. Акырында демөөрчүлөр тарабынан ысык тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×