Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.10.2019 09:12

Кылым карыткан карылар: 102 жаштагы Махира Ходжанованын эскерүүсү

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын 102 жаштагы тургуну Махира Ходжановага Эл аралык карылар күнүнө карата материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Махира Ходжанова 1917-жылы туулганын жана жаштыгы согуш жылдарына туура келгенин айтат.

«Согуш жылдарында ферманын башчысы болуп иштедим. Аттарга номур басып, согушка жиберип, «Бардыгы фронт үчүн» деген ураан менен иштедик. Ар бир күнү балдарымдын жаркын келечегин тилечүмүн. Кичинемден мал багып чоңойгондуктан мал-жандыктын тилин оңой тапчумун», - дейт ал.

Анын айтымында, ал 8 баланы тарбиялап өстүргөн.

«Балдарымдын баары өз ордун тапты. 44 небере, 90 чөбөрө, 5 кыбырам бар. Учурда небере келиним менен жашайм. Балдарым ушундай тынч заманда жашаса экен деп тилечүмүн», - дейт ал.

М.Ходжанова Ак-Суу районундагы кылым карыткан эки адамдын бири. Улгайган адамдарга сый-урмат көрсөтүү максатында жарыяланган бир айлыктын алкагында райондун жетекчиси М.Ходжановадан кабар алып, ага материалдык жардам көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×