Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2019 15:49

Сүрөт — Түптө кылым карыткан апалар жана үч ардагер сыйланды

Turmush -  Түп районунда Эл аралык карылар күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагерине жана жашы 100дөн ашкан үч апага акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адылбек Алдаяровдун айтымында, ардагерлердин үйлөрүнө аким Э.Жантаев, акимдин орун басары Э.Дүйшөбаева жана айыл өкмөт башчылары болуп барып, куттукташкан.

Ошондой эле акимият тарабынан ар бирине 2 миң сомдон жана райондук ардагерлер кеңешинин атынан 1 миң сомдон сыйлыктарды тапшырышты.

100 жаштан өткөн карыялар:

- Дарика Рысдөлөтова 1915-жылы туулган. Талды-Суу айыл аймагынын Көөчү айылында жашайт, 104 жашта;

- Канымжан Дыйканбаева 1916-жылы туулган. Чоң-Таш айыл аймагынын Жылуу-Булак айылында жашайт, 103 жашта;

- Жоошкан Чокчоева 1918-жылы туулган. Чоң-Таш айыл аймагынын Жылуу-Булак айылында жашайт, 101 жашта.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери:

- Сабыр Жайылканов 1925-жылы Талды-Суу айылында туулган.

- Кадырбай Абдыкалыков 1924-жылы Талды-Суу айылында туулган. Экөө тең Талды-Суу айылында жашайт.

- Иван Кухлевский 1922-жылы туулган, Түп айылында жашайт.

«Түп районунда жашаган ооруктун 56 ардагери бар. Аларга жашаган жери боюнча айыл өкмөттөр сый көрсөтүштү», - деди А.Алдаяров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×