Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2019 13:59 На русском

Түптүн тургуну уулун жол кырсыкка күнөөлүү деп тапкан соттун чечимине нааразы

Жакып Токтахунов
Жакып Токтахунов

Turmush -  Түп районунун тургуну Жакып Токтахунов жол кырсыкка күнөөлүү делип айыпталып жаткан уулунун иши боюнча Каракол шаардык сотунун чыгарган чечимине макул эмес. Бул боюнча АКИpress—Ысык-Көл маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык 2011-жылы Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 198-чакырымында, тактап айтканда Түп айылына жакын жерде катталган. Бул боюнча 9 жылдан бери сот процесси жүргүзүлүп келет. Алар Каракол шаардык сотунун чечими менен макул эмес, анткени ишти тергөөдө бир нече ката кеткен.

Ж.Токтахунов белгилегендей, 1988-жылы туулган уулу менен 2011-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарынан Түп айылына келе жатышкан. Жолдун боюнда багажы ачылган унаа токтоп турган. Унаанын айдоочусу жолдун экинчи тарабына өткөн. Ошол учурда анын аркасынан 2006-жылы туулган кызы жүгүрүп чыккан. Ал кызды «Мазда Бонго» унаасын айдап бара жаткан уулу сүзүп кеткен.

«Кыз күтүүсүздөн эле жолго чуркап чыга калды. Уулум рулду буруп жиберип, кызды унаанын капталы менен сүзүп алды. Айдоочу жол кырсыктын алдын ала албайт болчу. Жабырлануучу тарап унаанын алды менен сүзгөнүн айтып жатат. Бул боюнча авто-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн. Анда унаанын сол капталында анча чоң эмес кырылган жери бар экени аныкталган. Бул менин айткандарымды тастыктап жатат», - деди ал.

Ал жол кырсык болгондо кызды ооруканага алып барып, бардык чыгымдарды төлөп бергенин жана андан кийин окуя болгон жерге күбө катары барганын айтат.

«Кыздын дарылануусу үчүн каражатты мен жактоочу аркылуу берип жибергем. Акчаны уулум күнөөлүү болгону үчүн берген жокмун. Жол кырсык Орозо айында болгон, ошондуктан материалдык жардам көрсөттүм», - деди ал.

Шаардык сот С.Т. аттуу айдоочуну КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп тапкан жана жабырлануучу тарапка моралдык компенсация катары 15 миң сом өндүрүү чечимин чыгарган.

Жакып Токтахунов кошумчалагандай, ал соттун мындай чечими менен макул эмес. Ошондуктан облустук сотко кайрылган. Бул иш 2019-жылдын 2-октябрында каралышы керек болчу. Бирок соттук иш башка күнгө жылдырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×