Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.10.2019 10:31

Ысык-Көлдө «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» олимпиадасы өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунда «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» аттуу республикалык математикалык олимпиаданын финалдык туру өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, олимпиада аймактарда жөндөмдүү балдарды табуу, алардын интеллектуалдык дараметин жогорулатуу максатында уюштурулган. Быйылкы окуу жылында республикалык олимпиадага 4900 окуучу катышты. Алардын ичинен 2-турга 3034 катышуучу өтүп, финалга облустардан 77 окуучу тандалып алынган. Эми алардын ичинен жеңүүчүлөр аныкталат.

Таймаш үч курактык топто, тактап айтканда 3-4-класстын, 5-6-класстын жана 7-8-класстын окуучулары арасында өтүп жатат. Олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×