Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.09.2019 16:33 На русском

А.Атамбаевдин мурунку жан сакчысынын тарапташтары митингге чыгышты. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 30-сентябрда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Канат Сагымбаевдин тарапташтары тынчтык митингге чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Чогулгандар Канат Сагымбаевдин ишин акыйкат карап берүүнү өтүнүштү.

«К.Сагымбаев өз милдетин так аткарган. Анын ата-энеси айылдын кадырлуу адамдары. Атасы эрте каза болуп калган. Инилери эл агартуу тармагында иштеп, айылга салым кошуп келишет. Канат 4 жаш баланын атасы. Аларды багуу, энесине жардам берүү анын мойнунда. Ал мектепте дагы үлгүлүү окуучу болгон. К.Сагынбаевдин ишине туура баа берилет деп ишенебиз», - дешти тургундар.

Чогулгандар өлкө башчы С.Жээнбековго, Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко кайрылуу жолдошуп, Канат Сагымбаевдин ишин акыйкат кароону жана туура чечим чыгарууну өтүнүштү.

Буга чейин маалымдалгандай, Канат Сагымбаев 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адам өлтүрүүгө катышуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу жана массалык баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталган. Кийинчерээк Биринчи май райондук соту аны 8-октябрга чейин камакка киргизүү чечимин чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×