Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.09.2019 13:59 На русском

Оштун башчысы Узарбек Жылкыбаевдин апасы каза болду

Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин апасы көз жумду. Бул маалыматты У.Жылкыбаевдин жардамчысы тастыктады.

Узарбек Жылкыбаевдин апасы Зина Исмалива документ боюнча 1930-жылы туулган. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн өкмөттүн Оштогу өкүлү бүгүн, 30-сентябрь күнү Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткен. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-сентябрь күнү Бостери айылында өтөт.

2015-жылы май айында Turmush басылмасы Зина Исмаилова Энелер күнүнө карата «Кадырман эне» төш белгиси менен сыйланганын жазган.

Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл районунун Ананьев айылында 1974-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×