Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.09.2019 09:05

Сүрөт — Ысык-Көлдө 17,9 млн сомго курулган спорт ордо

Turmush -  Ак-Суу районунун Курбу айылында жаңы курулган спорт ордо пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Тепке айыл аймагынын башчысы Азиз Айтбосунов билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 17 млн 900 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери «Тунук курулуш» ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, айылда 1 чакырым 900 метр жолго асфальт төшөлүп, ага республикалык бюджеттен 7 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Жолду Ак-Суу райондук №1 жол тейлөө мекемеси курган.

Ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулар катышып, спорт ордонун жана жолдун курулушуна салым кошкон айыл тургундарына сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×