Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.09.2019 15:52 На русском

Ысык-Көлдө америка суусары коён жана кыргоолдорду жок кылууда. Ал кайдан келген? Егердин билдирүүсү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда америка суусары (американская норка, териси баалуу жырткыч жаныбар) жергиликтүү ондатра, кыргоол жана коёндорду жок кылууда. Бул тууралуу «Тору-Айгыр» облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун егери Николай Горынин билдирди.

Анын айтымында, америка суусары Түштүк Америкада байырлайт. Анын узундугу 50 см, салмагы 2 килограммга чейин жетет.

«1956-жылы америка суусары Ош облусуна коё берилген. Ал ошол жактан Кыргызстандын аймагына тараган. 10 жыл мурун жырткыч Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында байкалган.

Америка суусары түндө ууга чыгат, манжаларынын арасындагы жаргакчаларына байланыштуу сууда дагы сүзүп, жашай алат. Ал алы жеткен бардык жандыктарга кол салат. Ысык-Көл облусунда ондатра, коён, кыргоолго кол салууда. Ошондой эле сууга чөмүлүп, жарым килограмм салмактагы балыктарды дагы кармап жейт.

Америка суусарына мергенчилик кылууга тыюу салынган, аны кармап алгандарга 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат», - деди Николай Горынин.

Анын айтымында, окумуштуулар америка суусары чөйрөгө ылайыкташуу боюнча мышык жана күсөндөрдөн (хорьки) ашып түшөрүн аныкташкан. Америка суусары адамдарга тез көнөт жана адамдар жашаган аймактарда байырлап, үй канаттууларына дагы кол салышат. Америка суусарын колго көндүрүшкөн, бирок алардын агрессивдүү мүнөзүнө байланыштуу үй шартында багуу өтө татаал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×