Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.09.2019 17:07 На русском

Ысык-Көлдө 18 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы жигит каза болду.

Жол кырсык 25-сентябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Жети-Өгүз айылында болгон. Белгисиз унаанын айдоочусу 2001-жылы туулган Д.К. аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу кырсык болгон жерде көз жумган.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы изделип жаткан айдоочу кармалганын маалымдады.

«25-сентябрда саат 03:30 чамасында ИИБдин ардагери Ургазы өзүнүн унаасы менен Бишкек шаарынан Каракол шаарына кайтып келе жатып, Жети-Өгүз айылындагы бурулуштан жолдо жаткан адамды көргөн. Ал жабырлануучуга жардам берүү үчүн токтогон. Бирок жолдо жаткан адам эс-учун жоготкон абалда болгон.

Милициянын ардагери аталган факт боюнча ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган. Өзү тергөө оперативдүү тобу жеткенче окуя болгон жерде болгон. Ыкчам топ жол кырсыктан улам каза болгон адамдын өздүгүн аныктады. Ал Жети-Өгүз айылынын 18 жаштагы тургуну Д.Калыс экендиги белгилүү болгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу Жалгыз-Өрүк айылынын 52 жаштагы тургуну О.Мелис экендиги белгилүү болгон. Ал «Мерседес-Бенц 811D» үлгүсүндөгү унаа менен сүт ташып эмгектенет. Унаа айып жайга киргизилип, иштин материалы РИИБге өткөрүлдү.

Учурда тергөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×