Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.09.2019 12:10

Ак-Сууда бөбөктөр кийизден азем белектерди жасаганды үйрөнүштү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы «Келечек» бала бакчасынын тарбиялануучулары кийизден ар кандай азем белектерди жасаганды үйрөнүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бала бакчадан билдиришкендей, тарбиячылар балдарга кол өнөрчүлүктү дагы үйрөтүп келишет.

«Буга чейин бөбөктөр кагаздан ар кандай буюмдарды жасап келишкен. Бул жолу мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата кийизден эне тил китебин жасашты. Бала бакчада ар бир майрамды белгилеп, балдарга анын маанисин түшүндүрөбүз. Ошону менен бирге балдарды эмгекке үйрөтүп, улуттук кол өнөрчүлүккө дагы көңүл бурабыз. Тарбиячылар балдар менен бирге кийизден оюнчук жана боз үй жасашты», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×