Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.09.2019 11:24

Ак-Сууда суу алып кеткен көпүрө машыгуу учурунда калыбына келтирилди

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча атайын машыгуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгуу учурунда Жыргалаң айылында суу алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди.

«Жыргалаң айылы райондун борборунан алыс жайгашкан. Айылда кыш мезгили 6 айга созулат. Катаал шартта жашаган элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында машыгуу өткөрүлүп, ага аймактагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери дагы катышты», - деп билдиришти ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×