Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.09.2019 10:17

Жети-Өгүздө коомдук ишмер Б.Жапаровдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чырак айылында коомдук ишмер Бейше Жапаровдун 90 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага Чырак айылынын эли, Тоң районунан жана Ош облусунан келген өкүлдөр катышты. Анда коомдук ишмердин басып өткөн жолу, элине кылган эмгеги эскерилди.

Бейше Жапаров 1929-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. 1947-жылы Пржевальск шаарындагы Киров атындагы орто мектепти аяктап, 1949-жылы ошол эле шаардагы педагогикалык институтту бүтүргөн.

1949-1952-жылдары Ош облусунун Совет районундагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана директору болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1952-1955-жылдары Совет райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 1955-1957-жылдары Совет райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1957-1962-жылдары төрага болуп шайланган.

1968-1975-жылдары партиянын Өзгөн райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеген. 1975-жылдан 1990-жылга чейин партиянын Тоң райондук комитетинин 1-катчысы болуп 15 жыл иштеп, аталган аймактын чарбалык жана социалдык абалын көтөргөн. 1990-жылдын апрель айында 62 жашында пенсияга чыккан. 1990-1991-жылдары партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин саясий агартуу үйүнүн кеңешчиси болуп эмгектенген.

1996-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин облустук ардагерлер кеңешинин президиумунун төрагасы болуп эмгектенген. Жогорку советтин 5 жолку чакырылышында депутат болуп шайланган.

Бейше Жапаров 2002-жылы көз жумду. Маркумдун эки кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×