Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.09.2019 19:02

Ак-Сууда кайрымдуулук фонддун кеңсеси ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кайрымдуулук фонддун кеңсеси ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Фонддун мүдүрү Максат Мамыровдун айтымында, алар кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, колунда жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп келишет.

«Учурда Ак-Суу району боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталууда. Эми жаңы кеңсе ачылып, анда кайрымдуулук иштер дагы улантылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×