Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.09.2019 10:32

Сарууда аялдардын жергиликтүү кеңешке келишине каршы болгон талапкердин жообу

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өткөрүлүп, анын болжолдуу жыйынтыгы чыкты. Жалпы 79 талапкердин ичинен 21 адам мандат алууга жетиштүү добуш алды. Анын тогузун аялдар түзөрү алдын ала эсептелди.

Маселен, шайлоого чейин талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана БШКга кат жолдошкон. Алар татыксыз добуш алган аялдардын ордун кыскартуу керектигин айтып, жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Айылдык кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты, азыркы талапкер Канат Иманалиев учурда аялдардын квотасын кыскартуу аракети көрүлүп жатат деген эл арасындагы пикирди четке кагып, мыйзамга каршы чыга албай турганын билдирди.

«Шайлоонун так жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ошентсе дагы болжолдуу маалыматтар боюнча айылдык кеңештин бул жолку чакырылышында 9 аял мандат алары айтылууда. Азыр айымдарды кысымга алуу, эки квотаны кыскартуу аракети көрүлүп жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Мырзалар тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Биз мыйзамга баш ийебиз», - деди К.Иманалиев.

Ал эми шайлоого чейин жогорку бийликке жөнөтүлгөн кайрылууга кол койгондордун катарында экенин айткан К.Иманалиев жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өлкө боюнча биринчи жолу Саруу айылында шайлоо өттү. Буга чейин депутаттыкка аялдардын татыктуулары менен татыксыздары дагы талапкер болгондуктан биз нааразы болгонбуз. Себеби бул учурга чейин айыл аймак 2 округ болуп келсе, бул жылы 3 округга бөлүндүк. Анда аялдардын 30 пайыздык квотасын эске алганда ар биринен үчтөн депутат аял шайланууга тийиш. Бул боюнча жакшы иштей турган аялдар маалыматты так билбей, талапкерлигин көрсөткөн жок. Эгерде аялдар арасында депутаттыкка көбүрөөк талапкерлер болсо, элдин колдоосу менен арасынан татыктуулары өтөт эле. Мисалы, жогорку упай топтогон (150дөн жогору) эркек талапкер тандоодон өтпөй калып, болгону 20-30 добуш алган аял өтүп кеткени нааразычылыкка себеп болууда», - дейт К.Иманалиев.

Ал эми Саруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Жаӊыл Жумагулова учурда гендердик басмырлоо жок экенин айтып, аял талапкерлерге кысым көрсөтүп жатат деген пикирди четке какты.

Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаев 22-сентябрда өткөн шайлоого калктын 34,6 пайызы катышканын жана шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×