Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.09.2019 11:42 Жаңыланды: 03.10.2019 22:01

Айыл турмушу: Согуштан кийин кыялы орундалган Д.Орозовдун баяны

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургуну Дердеш Орозов 45 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 9 жашта болгон. Оорукта соко айдап эмгектенген. Ошол убакта балдарга билим берүү тууралуу көп ойлонуп, мугалим болсом деп кыялданчу. Кийин бул кыялы орундалып, 1953-жылы Тажикстандын Мургаб районунда башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаган.

1959-жылы Кыргызстанга келип, Ысык-Көл колхозунда эмгектенген. 1963-жылы Ак-Дөбө орто мектебинде кол эмгек сабагынан мугалим болгон.

«Дээрлик 45 жылдык өмүрүмдү мугалимдик кесипке арнадым. Бала чагым согуш маалына туш болуп, ошол убакта сабатсыздыкты кыскартсам деген кыялым бар эле. Ошентип тагдыр мени мугалим кылды», - дейт ал.

Дердеш Орозов айылдагы Самат Давлетов атындагы орто мектепке музей уюштургандардын бири болуп саналат. Анын эмгегин баалап, мектептин жамааты чыгармачылык кечесин да өткөрүшкөн.

Ардагер мугалим 10 баланын атасы. Учурда анын 32 небереси, бир нече чөбөрө жана кыбыралары бар. Дердеш Орозов бир нече сыйлыктардын ээси, 2006-жылы район боюнча «Дөөлөттүү үй-бүлө», 2019-жылы «Ардактуу атуул» наамына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×