Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.09.2019 11:56

«Иштейин десем окуп, жаза албайм»: 27 жаштагы Жазгүл 6 баланын энеси

Turmush -  Алты баланын энеси Райымбек кызы Жазгүл жардамга муктаж, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жазгүлдүн айтымында, ал 27 жашта. Ош облусунун Өзгөн районунан келген. Учурда Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашайт.

«Бишкекке 10 жашымда атам алып келген. Мектепте окуган эмесмин. 15 жашымда турмушка чыккам. Учурда 6 балам бар, улуу кызым 11 жашта болсо, эң кичүүсүнө 1 жаш 3 ай болду. Азыр бир бөлмөлүү батирде жашайбыз, ижара акысына 2 миң сом төлөйбүз», - дейт ал.

Анын айтымында, ал балдарына жөлөк пул ала албай келет.

«Жөлөк пул алуу үчүн каттоого туруу керек экен. Биздин туруктуу жашаган жерибиз жок болгондуктан жөлөк пул ала алган жокмун. Жолдошум кыш куюп иштейт. Анын тапкан акчасын балдарыбызга жумшайбыз. Мен иштейин десем, жазганды же окуганды билбейм. Биз жашаган батирдин жанында жер тилкелери сатылат экен. Анда 4 сотых жер 150 миң сом экен. Аны сатып алалы десек акчабыз жетпей жатат.

Жолдошум кыш куюп иштесе, мен таштандыдан бөтөлкөлөрдү терчүмүн. Оор көтөрүп жүрүп, 3 ай мурун белимде чурку пайда болду. Азыр иштебей калдым.

Жолдошум 1990-жылы туулган. Эртеден кечке жумушта болот. Кээде маянасын кечиктирип калганда үйдүн ээси батирден чыгышыбызды талап кылат. Жер тилке сатып алып, үй курсак деп тилек кылабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×