Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.09.2019 11:30 На русском

«Эки күйөөмдүн аты тең Сатыбалды»: Күнүлөшү менен ынтымактуу жашаган Ишемкан апанын ачык баяны

Turmush -  Түп районунун Арал айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында 77 жаштагы Ишемкан Дүйшөмбиева аттуу апа жашайт. Аймактык кабарчы «Бактылуу эне» наамынын ээси менен баарлашты.

Ишемкан апаны көргөн адам 77 жашта деп ойлобойт. Андан жаш кезиндеги сулуулуктун илеби дагы эле кете элек. Жакында Ишемкан апаны туулган күнү менен куттуктоо үчүн эки күйөөсүнүн тең балдары келишти.

Мурунку күйөөсүнүн балдарынан «кимдин баласысың?» деп сурасак, «Сатыбалдынын» деп жооп беришти. Ал эми кийинки күйөөсүнүн балдарынан «кимдин баласысың?» деп сурасак, алардан дагы «Сатыбалдынын» деген жоопту укканда балдар энесинин көңүлүн көтөрүп жатат го десек, иш башкача экен. Анда, окуя башынан болсун.

И.Дүйшөмбиева 1942-жылы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Казакстандын Челек жайлоосунда өткөн. 1961-жылы Таштак орто мектебин бүткөндөн кийин 1962-жылы январь айында райондук комсомолдун жолдомосу менен Фрунзедеги соода техникумуна окууга жиберилет. Ошол эле жылы Ишемкан апаны лейлектик Сатыбалды деген жигит ала качып кеткен.

Баткен облусунун Лейлек районунда 1963-жылы Башарат аттуу, ал эми 1965-жылы Асылкан аттуу кыздуу болот. Турмуштун айынан күйөөсү Сатыбалды: «Биздин каада-салттан кийинки жашооң оор болот. Акырын энем ооруп жатат деп Ысык-Көлгө кете тур, артыңдан барам» дегенден кийин 1966-жылы Лейлектен Ысык-Көлгө кайтып келген. Кийинки жылы Түп районунун Сары-Дөбө айылынан Сатыбалды деген жигит ала качып кеткен.

«Ой, менин башым бош эмес, балдарым бар десем болбой эле ала качып кетти. Таш түшкөн жеринде оор дешип, ата-энем биринчи өздөрүнө карап, экинчиден Лейлекке караганда катташып турганга жакын деп отургузуп коюшту», - дейт Ишемкан апа.

Экинчи күйөөсү Сатыбалдыдан 4 кыз, 3 уул, жалпы 7 балалуу болушат. Өкүнүчтүүсү, Сатыбалды ата 1982-жылы 46 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

«Ишемкан апа тогуз баланы жалгыз бой тарбиялап, ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, татыктуу тарбия берди. Баарын окутуп, өз ордуна койду. Учурда 30 неберенин жана 33 чөбөрөнүн ардактуу чоң энеси, ардактуу таенеси болуп отурат. Ошондой эле Сары-Дөбө айылыбыздын үлгүлүү жана алдыңкы карысы», - дейт Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытов «Бактылуу эне» наамын тапшырып жатып.

Ишемкан апанын балдары бир жылы Ысык-Көлдө, бир жылы Ошто жолугууну адат кылып алышкан. Жакында эле Оштогу Сатыбалды атанын айылында болушуп, атасын эскерип, туугандарына жолугуп келишкен. Сатыбалды ата 1979-жылы каза болгонго чейин Маркамат аттуу аялга үйлөнүп, андан беш балалуу болгон.

80 жаштагы Маркамат апа азыр Ишемкан апа барса күнүлөшүм дебей, бир тууган эже-сиңди болуп катыша турганын балдарынан угуп, сүрөттөр менен видеодон көрдүк.

«Сиз 40 жашыңызда экинчи күйөөңүздөн ажырапсыз. Кайра турмуш куруу жөнүндө колуңузду сурап келгендер болгон жокпу?» деген суроого Ишемкан апа: «Колумду сурагандар болду. Үчүнчүсү да Сатыбалды болуп жатпайбы. Кой айланайын, мындан мурда эки Сатыбалдыны жуттум, эми сенин убалыңа калбайын деп бир чети тамашалап, бир чети бул кишинин аты Сатыбалды болгонуна таң калдым», - деп жооп берди.

Экинчи күйөөсү Сатыбалдынын кызы Бүбүсайра Сатыбалдиевна апасына арнап, мындай ыр саптарын жазган:

Башыңдан далайларды кечирдиң го,

Бапестеп балдарыңды телчиттиң го.

Атасыз балага окшотпой сен,

Аталуудан кем кылбай жетилттиң го.

Сен барда дайыма биздин көңүл ачык,

Кетпесин ууртуңдан күлкү-шаттык.

Небереңди жетелеп,сен ар дайым,

Кетсинчи кайгылуу күн алыс качып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×