Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.09.2019 13:15 Жаңыланды: 25.09.2019 23:15

Айыл турмушу: Дыйкан Б.Мамбетов картошка казып, сорттогон техника кураштырды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 38 жаштагы тургуну Бакытбек Мамбетов 9 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Ал жер иштетүүдөгү кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн техниканы кураштырып, кайра жасады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча энергетик. Бирок айылда жер иштетүү менен алектенет.

«20 гектар жерге желли сортундагы картошканы өстүрүп келем. Анын килограммын 10 сомдон үрөн үчүн сатам. Картошка эмгекти көп талап кылган өсүмдүк. Жазында киши жалдап, алардын акысын төлөө керек. Үрөн себүүчү техника жалдасак, ал жер семирткичтерди чача албайт. Экологиялык жактан таза түшүм алуу үчүн үрөн себүүчү техникага өзгөртүүлөрдү киргиздим», - дейт дыйкан.

Ал картошка себүү жана түшүм жыйноодогу түйшүктү азайтууну максат кылган.

«Бир гектардагы картошканы каздыруу үчүн акысына 5 миң сом, 25 литр соляркага 1000 сом кетет. Картошканы тергенге 15 киши алсак, аларга 15 миң сом төлөйбүз. Сорттогонго өзүнчө төлөгөндө жалпы 30 миң сом кетет. Бул чыгымды азайтуу үчүн үйдөгү картошка казган техниканы колго 10 күндө кайра жасап чыктым. Бул техника кайра жасалгандан кийин картошканы казып, өзү сорттойт. Аны пайдаланганда бир гектар жерде 4 киши гана иштеп жатат. Мындан улам чыгым 2 эсе азайды. Бул жасаган техника өзүмдүн жеримде гана иштеп жатат.

Жергиликтүү тургундардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине сунуш берейин деген оюм бар», - дейт Б.Мамбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×