Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.09.2019 17:07

Балыкчыда Комуз күнүнө карата кыргыз күүлөрү жаңырды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында Комуз күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын маданият үйүнүн кызматкерлери комуздун келип чыгуу тарыхын сахналаштырып көрсөтүп, балдар билим борборунун комуз ийриминин окуучулары жана Балыкчы шаарынын Б.Миңжылкыев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары комуз күүлөрүн чертип, өз өнөрлөрүн тартуулашып, «Жаш толкун» бий ансамблинин кыздары «Комуз» бийин аткарышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын арасында комуз тууралуу суроолор менен оюндар өткөрүлүп, «Маш ботой» күүсү менен коштолду.

Соңунда катышуучулар менен бирге «Комуз» бийи флешмобу аткарылды. Ушундай иш-чаралар Балыкчы шаарынын бардык мектептеринде, орто окуу жайларында, бала бакчаларда өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×