Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.09.2019 14:30

Британиянын элчиси Чарльз Гарретт Ысык-Көлгө келди (сүрөт)

Turmush -  Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев менен жолукту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жолугушууда Акылбек Осмоналиев элчиге Ысык-Көл облусу жөнүндө кеңири маалымат берип, мындан ары тыгыз кызматташууга чакырды. Өз кезегинде элчи Чарльз Гарретт Ысык-Көл облусунун туризм тармагына, анын ичинен этно жана тоо туризмине, айыл чарбасына кызыкканын айтты.

Расмий жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өттү. Элчинин сапары Каракол шаарында уланмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×