Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.09.2019 11:24

Балыкчыда үч «Хонда» унаасы сүзүштү. Сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул маалыматты Балыкчы шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Т.Жумабеков тастыктады.

Жол кырсык 11-сентябрда саат 20:30 чамасында Ж.Абдрахманов жана К.Токтосунов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Балыкчы шаарынын 1958-жылы туулган тургуну Э.Б. «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасы менен батышты карай бара жатып, жолдо токтоп турган Балыкчы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну А.А.га тийиштүү «Хонда Инспайр» унаасынын артынан сүзгөн. Андан соң каршы багыттагы «Хонда Степвагон» унаасына урунган. Аны Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 1972-жылы туулган тургуну Н.А. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Степвагон» унаасынын жүргүнчүсү — Түп районунун 1979-жылы туулган тургуну Ө.У. жана 1992-жылы туулган Г.У. ооруканага кайрылып, медициналык жардам алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×