Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.09.2019 08:06 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Жогорку сот Кондубаевдин ишине чекит койду

Turmush -  Жогорку соттун соттук коллегиясы Сания Шакированын өлүмү боюнча материалдарды карап чыкты.

Жабырлануучу Насипа Мамбеталиеванын жактоочусу Жогорку сотко жазык иши боюнча соттук коллегиянын аныктамасы жана административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча (Ысык-Көл облусунун 2019-жылдын 1-февралындагы чечими) кассациялык тартипте арыз менен кайрылып, ишти кайра башынан карап чыгууну өтүнгөн.

Айыпталуучу Чыңгыз Азиретович Кондубаев 1987-жылы туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Эч жерде иштебейт, мурун соттолгон эмес.

Чынгыз Кондубаев

2018-жылы 2-июнда саат 21:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова каза болгон. Ошондой эле эки киши жаракат алган.

Жол кырсыкка кабылган унаа

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, рулдагы Кондубаев ошол убакта мас абалда болгон жана жол эрежелерин бузуп, унааны жогорку ылдамдыкта башкарып бара жаткан.

Ысык-Көл райондук соту Ч.Кондубаевди Кылмыш-жаза кодексинин 181-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратып, аны 9 жылга кескен. Ошондой эле, аны Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа башкаруу укугунан 3 жылга ажыратып, 7 жылга кескен.

Кылмыш-жаза кодексинин 29-беренесине ылайык, сот акыркы жаза катары аны 10 жылга эркинен ажыратып, транспорттук каражаттарды айдоо укугунан 3 жылга ажыраткан.

Жаза мөөнөтү 2018-жылдын 6-июнунан тарта эсептелет деп чечим чыккан. Мындан тышкары, Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүп алуу жарандык доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, ага келтирген моралдык зыян үчүн Ч.Кондубаевден 2 млн сом төлөтүү чечимин кабыл алган. Бирок Шакированын апасы облустук сотко 4 млн сом өндүрүү боюнча арыз менен кайрылган. Ошондой эле, Чыңгыз Кондубаевдин жактоочусу Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 13-сентябрындагы өкүмүнө макул болбой, Ч.Кондубаевдин жаза өтөө мөөнөтүн 9 жылдан 5 жылга чейин төмөндөтүүнү өтүнгөн.

Ысык-Көл облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүүнү, ошондой эле Ч.Кондубаевди Кылмыш-жаза кодексинин 135-297-беренелеринин негизинде 5 жылга эркинен ажыратып, 2 жыл транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 400 миң сом өлчөмүндө моралдык зыян төлөп берүү чечими чыгарылган.

Жогорку сот облустук соттун чечимин өз күчүндө жана жактоочунун кассациялык арызын канааттандыруусуз калтырды. Ошондой эле Жогорку соттун токтому акыркы чечим экенин жана аны кайра кароого жатпай тургандыгын билдирди.

Сания Шакирова эл аралык «Miss Universe Beauty» сулуулар сынагында жеңүүчү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×