Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.09.2019 15:17

Караколдо электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Turmush -  Кечээ, 10-сентябрда Каракол шаарында тоо тарапта жайгашкан Челпек, Жолголот айылдарында жана Каракол шаарынын А.Масалиев көчөсүндө, анын тегерегиндеги жаңы конуштарда куюн болуп, электр жарыгы өчкөн.

Каракол шаардык электр тармактар ишканасынан ыкчам 10 бригада түзүлүп, оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүшүп, электр энергиясын калыбына келтиришти. Ал эми Каракол шаарынын жогору жагында электр жарыгы бериле элек. Электр чубалгыларын оңдоо жумуштарын жүргүзүп жатышат.

Буга чейин 10-сентябрда саат 20:00 чамасында Каракол шаарында катуу шамал болуп, айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×