Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.09.2019 16:18 На русском

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан үч адам жабыркады (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 8-сентябрда саат 17:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 68-чакырымында, тактап айтканда Сары-Ой айылында катталган. Бишкек шаарынын 1983-жылы туулган тургуну М.К. башкарып бара жаткан «Хендай Гетц» үлгүсүндөгү унаа менен Балыкчы шаарынын 1986-жылы туулган тургуну К.А.га тийиштүү «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хендай Гетц» унаасынын жүргүнчүсү — Балыкчы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Э., кичи автобустун айдоочусу К.А. жана жүргүнчүсү — Ош облусунун 1981-жылы туулган тургуну К.Ш. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу товар ташып иштечү. Кырсык болгон күнү Чолпон-Ата шаарындагы жармаңкеден чыгып, Балыкчы шаарына кетип бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×