Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.09.2019 14:09

Жети-Өгүздүн Саруу айылында өспүрүмдөр спорттук мелдешке түштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өспүрүмдөр арасында спорттук турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучу Урмат Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, турнирге 10дон ашык команда катышты.

«Турнир жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана айыл тургундары арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды», - деди ал.

Урмат Айдаралиев борбор калаадагы окуу жайлардын биринде юрист кесиби боюнча билим алууда. Буга чейин «Урпак биримдиги» коомдук фондун түптөп, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×