Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 09.09.2019 13:41

Айыл турмушу: Т.Казиев баалуу дарактарды өстүрүп, киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Тынчтыкбек Казиев павловния дарагын өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, павловния дарагынын уругун Кытайдан алып келген.

«Бул дарак биздин климаттык шартта жакшы өсөт. Анын бийиктиги 30 метрге, туурасы 50 сантиметрге жетет. Уруктан өнгөндөн кийин 9 ай өсүүсү жакшы болот. Буга чейин өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрүп келгем. Бирок эмгегим акталбай калчу. Павловния дарагы баалуу жана пайдалуу болгондуктан чет өлкөлөрдө көп өстүрүшөт.

Учурда бул дарактын көчөттөрүнүн ар бирин 300 сомдон сатып жатам», - деди багбан.

Ал өстүрүүдө эмгекти талап кылбаган дарактын жалбырагы тоют, сөңгөгү курулуш материалы катары пайдаланарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×