Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.09.2019 11:16 На русском

Ысык-Көлдө чиновник унааны пара катары алды деп шектелүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелүүдө, деп билдиришти жеке булактар.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз менен Б.М. аттуу жаран кайрылып, Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкесин каттоо үчүн пара катары «ВАЗ» үлгүсүндөгү унааны алганын, бирок шарттарды аткарбай, алган унаасын кайтарып бербегенин билдирген.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бириктүү реестрине КРнын Кылмыш кодексинин 325-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган.

4-сентябрда соттук өндүрүштө Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы унаа алгандыгы тастыкталган. Транспорт каражаты атайын унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан аталган фактыны тастыкташып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×